ИИМдин басма сөз кызматы Кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаковдун кармалышы боюнча маалымат берди.
"Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө кызматы жана ИИМдин кызматкерлери биргеликте ыкчам иликтөө жана ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада Мурсалым Умырзаков кармалган. Азыркы учурда Умырзаков ЖАМКнын тергөө кызматына мындан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жеткирилип берилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Буга чейин Мурсалым Умырзаковдун кармалганы маалымдалган.