Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков 2020-жылдын күз айында абактан чыкканын айтты.
"Алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ЖАМКнын кызматкерлери тергеп жаткан. Анда Мурсалым Умырзаков күбө катары суракка чакыртылып келип-кетип жаткан. Ал №3 түзөтүү абагынан 2020-жылдын күз айларында жазасын өтөп бүтүп чыккан", - деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков Бишкекте кечээ, 19-январда кармалганы маалымдалган.