Нарында мас абалындагы чабан унаада отурган жаранды атып алып, ал ооруканага жетпей каза болду

Нарын облусунун Жумгал районунда мас абалындагы жаран унаада отурган кишини ок атуучу курал менен атып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-январь күнү болжол менен саат 12:40 чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну С.М. аттуу жаран Жумгал РИИБине келип, Дыйкан айылынын Сары-Жайык кыштоосунда чабанды атып алганын айтып кайрылган. Аталган билдирүү Жумгал РИИБинде каттоого алынып, териштирүү иштерин баштаган.

"19-январь күнү саат болжол менен 09:00 чамасында Сары-Жайык участкасынан Жумгал районунун тургуну 1982-жылы туулган С.М. мас абалында 1997-жылы туулган Ү.У. аттуу жаран менен уруша кетип, жанында көтөрүп жүргөн ок атуучу куралы менен Ү.Ж. башкарып жүргөн өңү ак түстөгү Хонда СРВ унаанын сол терезесине бир жолу атып жиберген. Натыйжада унаанын ичинде отурган Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну 1983-жылы туулган А.А.нын сол жак далы тушуна тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tolik555
2021-01-20 15:13:42
Ич дагы.Ушул арактын кесепетинен кырылып бутмой болду го Кыргызым.Ичпегилечи ыйманга келгилечи
+2
Sagin-85
2021-01-20 17:14:32
Чабанды аттывы жё чабан жаранды аттывы айткылачы ким тушунду темасы башка тексти бир башка го
+1
JaneEr
2021-01-20 18:35:42
Балаа ичкир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан