Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан таксистти карактаган 3 жарандан турган топту кармады. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 11-январь күнү бул топ Ош шаарынын Касымбеков көчөсүнөн такси жалдашып, Ош шаарына жакын жайланышкан Кеӊеш айылы тарапка жеткирип коюуну суранышкан. Таксист Кеңеш айылына жакындап калган учурда унааны жолдун четине токтотушуп, бычак көрсөтүп, айдоочунун бардык баалуу буюмдарын, акчасын берүүнү талап кылган. Бул учурда унаанын ичинде экөө айдоочуну коркутса, бирөө айдоочу качып кетпеш үчүн ал отурган тараптын эшигин сырттан түртүп турган.
Айдоочу коркконунан жанындагы 600 сом акчасын, 13 миӊ сомдук телефонун берген. Андан соӊ таксистти коркутуп анан коё беришкен. Жабырлануучу таксист эртеси милицияга арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Ош ШИИБи кылмышка шектүү катары 3 жаранды кармашкан. Алар:
Ноокат районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашаган, эч жерде иштебеген 1998-жылы туулган Т. уулу Т. Мурда уурулук, каракчылык менен 4 жолу соттолгон;
2. Кара-Суу районунда туулган, Мады айыл аймагында жашаган, эч жерде иштебеген 1999-жылы туулган А.Т. мурда адам өлтүрүүгө аракет жасагандыгы үчүн жаза жоопкерчилигине тартылган;
3. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында туулган, ошол аймакта жашаган 2000-жылы туулган Б. уулу Д. Мурда 2 жолу соттогон, жазасын өтөп бүтө элек.
"Учурда бул топтун үстүнөн каракчылык, тоноо фактылары боюнча дагы 5 арыз бар. Негизинен жабырлануучулар акчаларын жана телефондорун алдырышкан. Жабырлануучулардын баары Ош шаарынын жаӊы көпүрөсүнүн алдында, эски автобекеттин аймагында буюмдарын, акчаларын бул кылмыштуу топко алдырганын жазышкан. Учурдан пайдаланып, бул топтон жабыр тарткандар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына кайрылууну суранабыз. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.