Күч колдонуп буюмдарын тартып алышкан. Бишкекте тоноого шектелип эки жаран кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-январында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Ж.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде арыз ээсине карата физикалык күч колдонуп, 5 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, миң сомдук кол саатын жана 3 миң 400 сом өлчөмүндө накталай акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип, 31 жаштагы Д.Ы. жана 34 жаштгы Б.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата эки айлык мөөнөткө камакка СИЗО-1ге киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NURSAPAR
2021-01-20 18:29:55
Кыздарга балээ барбы дейм да.
0
Raihan0602
2021-01-20 20:46:07
Өлүп кетишсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан