"Куралдары менен аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды". Нарында мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынды

Нарын районунда мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мал уурулук" аталышындагы иликтөө жана алдын алуу иш-чарасын өткөрүү жөнүндө операциясынын жүрүшүндө документтери жок ок атуучу куралдар алынган.

"Анда 13-январдан 14-январга караган түнү саат болжол менен 01:30 чамасында Нарын районунун Кара-Кужур айылынын тургуну 1989-жылы туулган М.И. өзүнө тиешелүү (ТОЗ) үлгүсүндөгү документтери жок ок атуучу куралы менен жана ушул эле айылдын тургуну 1983-жылы туулган И.Т. аттуу жарандар өзүнө тиешелүү (ИЖ-18) ок атуучу куралдары менен аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды деп Нарын РИИБинин кызматкери билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын районунун Лахол айылынын тургуну М.И. өзүнө тиешелүү ок атуучу куралы менен жана ушул эле айылдын тургуну И.Т. өзүнө тиешелүү документи жок куралдары менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөндүгү аныкталып, тергөө кызматына алып келинген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-берене "куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда куралдарга карата соттук-экспертиза дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-01-20 18:11:24
Абайлагыла мергендер. Без док курал сактап охотник болбой эле койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан