Мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлерине мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн коңшу өлкөнүн жараны Чүйдө жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бул маалымат боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кечээ, 19-январь күнү Кемин районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн жеринен 1989-жылы туулган К.А. аттуу коңшу өлкөнүн жараны кармалган.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында жогорудагы жаран 2020-жылдын сентябрь айларында чек арадан мыйзамсыз өткөнү жана ал өз өлкөсүндө бир нече жолу соттолгону маалым болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 358-берене "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" боюнча катталып, чогултулган материалдар УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.