Чүйдө дүкөндүн эшигин талкалап кирип, кассадан акча уурдаганга шектелип 20 жаштагы тургун кармалды

Дүкөндөрдө ууру кылганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдин РИИБине Таш-Дөбө айылынын 31 жаштагы А.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар 14-январдан 15-январга караган түнү арыз ээсинин дүкөнүнө эшикти талкалап кирип, кассадан акча уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым аныкталууда.

"Мындан тышкары, Аламүдүн РИИБине ушул сыяктуу дагы эки арыз катталган. Анда жабырлануучулар дүкөндөрдөн уурдоо болгонун айтып, кайрылышкан.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарды жасоого шектелип 20 жаштагы З.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан