Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу патрулдук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 12-январында саат 16:00 чамасында Бишкек шаарынын Байтик баатыр
жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп, кырсык
болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы К.Ж.А. аттуу жөө адам денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
"Издөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүү катары 1974-жылы туулган С.С.А. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлдү. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүү иши башталды", - деп билдиришти мекемеден.