Кара-Балта шаарында сулуулук салонун жамынып алып, кумар оюндарын уюштуруп жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кара-Балтадагы Карл-Маркс - Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Лаванда" сулуулук салонун жамынып алып, онлайн кумар оюндарын уюштурган жер астындагы кумар клубу табылды. Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо, акча жана башка нерселер менен компьютердик жабдуулар орнотулгандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда кардарлар (оюнчулар) болгон", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тергөө жүрүп жатат.