1 миллион сом пара талап кылууга шектелип "Ош электронун" мурдагы башчысы кармалды

1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылууга шектелип "Ош электронун" мурдагы башчысы Даминов Д.И. кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

""Б" ЖАКтын өкүлдөрү утуп алган тендерде буга чейин аткарган иштери үчүн 6 миллион сомго жакын сумманы төлөп берүү талабы менен "Ош Электро" ААКга кайрылган. Мындан улам, "Ош Электро" ААКнын мурдагы директору Даминов Д.И пара иретинде жеке банктык эсебине 1 миллион сом которуу талабын койгон", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин негизинде (пара талап кылуу) катталып, шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Raihan0602
2021-01-21 13:27:19
Парасыз жашай албай калышкан экен чиновниктер баштары сайда калып
+1
MAKALAK
2021-01-21 19:21:42
Дыйканбай ака жаман байып бооп кетти эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан