Токтогулда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-январь күнү Токтогул районунун 1973-жылы туулган С.Г., 1963-жылы туулган Б.Д., 1947-жылы туулган С.К. жана 1998-жылы туулган Ы.Э. аттуу тургундары Токтогул РИИБине арыз менен кайрылышкан. Анда 2020-жылдын декабрь айынын орто ченинен 15-январга чейинки аралыкта короосундагы малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткен.
"Арызданган 4 атуулдан жалпы – 2 торпок жана 9 баш кой уурдалып, аларга 130 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.
Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "Уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районунун Терек-Суу айылынын мал базарында уурдалган 1 баш торпокту сатып жаткан жеринен шектүүлөр кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Базар-Коргон районунун 1997-жылы туулган тургуну Ж.Т., Нарын облусунун Жумгал районунун 1996-жылы туулган тургуну А.А., Талас облусунун Бакай-Ата районунун 18 жаштагы тургуну Р.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери андан ары улантылып, жогорудагы шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктери бар экендиги такталган. Натыйжада, 17-январь күнү Бишкек шаарынын аймагынан Токтогул районунун тургундары 1994-жылы туулган Э.О. жана 1990-жылы туулган У.Д. кармалышкан. Шектүүлөрдүн баш коргоо чаралары райондук соттун тергөө судьясы тарабынан каралып, бардыгы тең бир айлык мөөнөткө камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып, бул кылмыштуу топтун дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.