Чүйдө жол тандабастын айдоочусу жөө адамды сүзүп, жабырлануучу каза болду

Панфилов районунда айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан адамды сүзүп алды. Жабырлануучу окуя болгон жеринде каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 21-январда катталган.

"Бишкек-Чалдыбар жолунун 76-чакырымында жол кырсыгы катталды. Анда 65 жаштагы айдоочу өзүнүн Toyota Land Cruiser унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан 49 жаштагы жөө адамды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жөө адам жеринде каза болгон. Ал эми айдоочунун иши Панфилов райондук ишки иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди",- дешти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан