Зордукталган 13 жаштагы кыздын атасы: "Кызым биз менен сүйлөшө баштады"

Буга чейин Ысык-Көлдө 13 жашында 6 ай бою 3 эркек тарабынан зордукталып жүргөн кыздын окуясы тууралуу маалымдалган. Тоң райондук соту аталган ишке шектүүлөрдүн бирөөсүн 7 жарым жылга эркинен ажыратып, экөөсүн актап жиберген. Мындай чечимге нааразы болгон кыздын жакындары облустук сотко кайрыларын айтышкан.

Жабырлануучу кыз учурда кризистик борбордо. Кыздын учурдагы абалын билүү үчүн атасына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Кызым акырындан биз менен сүйлөшө баштады. Мурда апасынан башка эч ким менен байланышчу эмес. Азыр жакшы сөзүбүз менен алаксытып, көңүлүн алууга аракет кылып жатабыз. Ар бир сүйлөшкөндө баары жакшы болорун айтам. Бул иш боюнча Ысык-Көл облустук сотко кайрылганбыз. 25-январь күнү саат 17:00гө чакыруу келди. Кызымдын тагдырын талкалагандар өз жазасын алышсын. Облустук соттон адилет чечим чыгат деп күтүп жатабыз",- дейт кыздын атасы.

SUPER.KG аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн кыздын айылына барып тараптардын пикирин угуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altinbe
2021-01-22 21:09:01
бычыш керек толко мындайларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан