"Кой-Ташта Атамбаевдин дарыгерин сабашкан" деген видео жарыяланды. Маалыматты расмий тарап тактай элек

Журналист Кундуз Ажибекова бүгүн, 22-январда социалдык тармактагы жеке баракчасына Кой-Ташта 2019-жылдын 7-августунда болгон окуяны чагылдырган видеону жайгаштырды.

Ал жарыяланган видеонун астына "Видеодо "Альфа" атайын багыттагы аскерлер Кой-Ташта бейкүнөө жана жардамга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгерин сабашкан", - деп жазган.

Бул боюнча Ажибековага байланышканыбызда, ал видеону ким тартканы белгисиз экенин, дарыгердин абалы тууралуу кабардар эмес экенин айтты.

"Бул окуя Кой-Таш окуясы учурунда болгон. Мага жеткен маалыматтар боюнча, алар Атамбаевди издеп, анын дарыгерин ушинтип сабашкан".

Ал эми окуяга тиешеси бар деп жазылган "Альфа" атайын багыттагы аскерлер бөлүгү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине байланышканыбызда, мекеме окуя боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

"Вице-мэр шаардык таштандыга жумшалган каражат боюнча прокуратурага арыз жазды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
erik3
2021-01-22 12:57:54
Атамбаев мыкты президент болгон. Убагында коросунор
-6
NURSAPAR
2021-01-22 13:32:18
erik3,Ошон үчүн элин малга,койго
Теңегенби
+6
Rusrus
2021-01-22 13:22:34
7-январында эмес 7 Августа болгонго
+7
azhunushaliev
2021-01-22 13:34:40
Алфа спецназы жонокой жарандарды куралы жокторго кана кучу жетет. Негизинен тероистерге колдоно турган спецназ бул. Дагы спецназдарды мактап койушат
+5
azimbaeva1989
2021-01-22 20:49:56
Ошондо туткунга тушуп калгандары жакшы эле болуптур деп калдым буларды. Азыр кимдин ким экенин билиш кыйын боор ооруп жатсан кылыгын уксан зээнин кейийт кайра
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан