"Манас" эл аралык аэропортунан бажы кызматкерлери контрабандалык дары-дармектердин партиясын кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дары-дармектердин партиясы кечээ, 21-январда Түркиядан келген.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү, экспорттоо фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, "Манас" аэропортунан бажы кызматкерлери 2021-жылдын 21-январында убактылуу сактоо кампасында декларацияланбаган товарлардын, ар кандай аталыштагы дары-дармектердин, медициналык багыттагы буюмдардын жана кальян тамекинин жалпы салмагы 30,2 килограмм болгон 27 таңгагын ташып келүү фактысын аныктады", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.