Бишкектин "Ош базарындагы" рейд учурунда кызматкер менен соодагердин мушташы боюнча милициянын жообу

Бишкек шаарынын "Ош базарынан" тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта ар кандай пикирди жаратууда. Видеодо рейд жүргүзүп жаткан кызматкерлер менен базардын соодагеринин ортосунда пикир келишпестиктен улам мушташ болуп жатканын көрүүгө болот.

Бул боюнча Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берилди.

"18-январь күнү Бишкек шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, "Ош базарынын" аймагындагы соода-сатык жерлерди иретке келтирүү жана санитардык-гигиеналык стандарттар сакталбай жаткан учурларды текшерүү боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Ленин РИИБинин милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышты.

Видео боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда жарандардын эч кимиси арыз же даттануу менен милицияга кайрылбагандыгын маалымдайбыз", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.

Ош базарындагы рейд кылган кызматкер менен соодагердин мушташы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jazmina909090
2021-01-22 16:35:03
Ушул манты саткандар бир кудай билет кандай условияда кандай жерде кандай эт кошуп жасап аткандарын.Тырмактарын астын карасаң капкара кир еще тегерегинде бүт эле алкаштар.Скамейкада мастар уктап жатат.Ош базарды караган чоңдор жакшы карабайт только коррупция ортодо канча адам жеп жатат. 2 3күн рейд кылышат кайра эле акчадан ьерип көчөгө самсаалап чыгып алышат.Басаарга бут койгонго жер таппайсын.Көчөдөгүлөр эл катары ичинен ижара орундуктарын алып эл катары иштешсин.Туш келди туруп алышкан.
+10
Batma.Sh
2021-01-22 16:58:07
Мен дагы,бул манты саткандардын ушул жерде,соода кылгандарын колдобойм.Тазалык деген жок.Үстү жабык жердё,мантынын бетин жаап сатышса болмок.Айланасы бүт жаман болуп кеткен.Остановкада маршрутка күтүп тура албайсың,мастардын,мантынын жытынан.
+7
Rusi79
2021-01-22 21:35:20
Бейбаш калк экенбиз,тартип мыйзам Уруп ойнобойбуз.
+5
Baisal75
2021-01-22 22:33:06
Ошол куну мен дагы ош базарга баргам маршруткадан тушуп астановканын артына отсом мантылар учуп атыптыр манты саткан аялдар милициалар менен жакалашып атышыптыр жаман элэ корунот экен
+5
nazira...
2021-01-26 15:01:01
Кимисине болушаарыны билбейсин, аялдарга да жалко, а милиция да туура кылып атат. Мент деп жаман көрөбүз, ушулар түтөт буларга өзү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан