"Ботош" каймана аты менен таанымал кримавторитет Ысык-Көлдө кармалды (сүрөт)

Бүгүн, 22-январда "Ботош" каймана аты менен таанымал кримавторитет кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-январь күнү кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунда 1987-жылы туулган О.К. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал “Ботош” аттуу каймана аты менен жүрөт.

"Белгилүү болгондой, О.К. К.А. аттуу жарандын кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kona8631
2021-01-22 19:45:52
Скоро под домашний арест)))
+2
gulya583
2021-01-22 23:59:54
Оо кокуй кун, кичинекей Кыргызстанда канча кримавторитет бар озу. Бири карышкыр, бири сакал, женго. Шакал, тулкулорду да кошуп кармагыла эми, биротоло
0
make2
2021-01-23 01:10:34
Тоок уурдагандарды деле крим авторитет деп камап жатышабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан