Бүгүн, 22-январда мыйзамсыз унаа айдап качканга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-январда болжол менен саат 4:30 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Фатьянов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаамды айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 20 жаштагы А.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү ошол эле даректен болжол менен 45-50 жаш курактагы белгисиз жаран арыз ээсине күч колдонуп, Тойота Ист үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз тартып алып айдап качып кеткен.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 46 жаштагы А.Н. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын кошумчалашты.