"Аялын сабап коюп качып жүргөн". Ошто "Акбала" каймана аты менен таанымал кримчөйрөнүн өкүлү кармалды

Ошто аялын сабап из жашырып жүргөн "Акбала" каймана аты менен таанымал кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран күйөөсү тарабынан сабалып, ал киши качып жүргөндүгүн айтып арыз менен кайрылган. Бул фактыны аныктоо үчүн Ош ШИИБинин кызматкерлери иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада аялын сабап из жашырып жүргөн 1982-жылы туулган А.Д.ны кармашып, Ош облустук УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине ("бейбаштык") ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, кармалган А.Д. мурда "Акбала" каймана аты менен кримчөйрөсүндө жүргөндүгү аныкталып, ал буга чейин баңги затын сактагандыгы жана тоноочулук жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары профилактикалык каттоодо тургандыгы белгилүү болду.

Ал эми сабалган аялга карата соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында денеге анча оор жаракат албагандыгы аныкталды", - деп билдирет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gulya583
2021-01-23 17:52:22
Акбала, кок бала, кара балдарды да биротоло кошуп кармагыла
+5
Mister-XXX
2021-01-23 18:24:01
Аялына кордук корсоткон болсо кримавторитет болгону курусун.
+7
algakaray
2021-01-23 18:56:11
Акбала имиш дагы.
+7
bratanyn
2021-01-23 19:46:13
Каймана аттары эле көп экен да булардын.
+4
aibekkk
2021-01-23 20:49:51
жаман иттин аты боору басар дегендей
+8
Erlan_95
2021-01-23 21:12:35
aibekkk,хахахахах. Туура айттыныз

0
erik3
2021-01-23 21:33:59
ГКНБ аялын сабап жургондорду эле кармай бербей, Раим Матраимовторго алы жетпей койду го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан