Мамлекеттик салык кызматы Бишкек, Ош шаарлары жана Талас облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатуу максатында мыйзамсыз сактоо фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай идиштеги жана аталыштагы 22 миң 378 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Анын ичинен Бишкек жана Ош шаарларынан 2 миң 441 бөтөлкө, Талас облусунан 19 миң 937 бөтөлкө.
"Ишкердик субъектилерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү", - деп айтылат маалыматта.