"Жансыз денеси тикендин арасында жаткан". 2 айдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү үйүнүн жанынан табылды (видео)

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында дээрлик 2 айдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун тууганы билдирди жана маалыматты Баткен ОИИБ да тастыктады.

Маалыматка ылайык, маркумдун денеси милиция кызматкерлери тарабынан өзү жашаган үйдөн 200 метрдей аралыкта өскөн тикенектин арасынан табылган. Анын маасысын иттер короого көтөрүп келген. Милиция маасы аркылуу издөө иштерин жүргүзгөн. Бүгүн, 24-январда маркумдун жансыз денеси Баткен облустук бириккен ооруканасынын өлүкканасына берилип, атайын экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

"Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин сөөк жерге берилет", - деди маркумдун тууганы.

Кожонованын артында жолдошу, алты баласы жана үч небереси калды. SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, 23-ноябрь күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү, түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканынын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
China35
2021-01-24 14:10:54
Эки айдан бери ал жерди карашса керек.Шектүү го.
+14
AidaKurman
2021-01-24 14:46:54
Ииий Журокту ооруттуго бул жанылык. Эже тируу табылып калышын ушунчалык тиледим эле. Жайы жаннатта болсун. Жакындарына сабыр берсин Кудайым
+20
Isikkolumkeremet
2021-01-24 15:16:07
Кызык ит мн издесе заматта тават элего.эми эле таштап кетишсе кк
+14
JaneEr
2021-01-24 16:06:48
Неге олтурду,ким олтурду табышмак...
+6
BoDiNur
2021-01-24 17:02:30
Эки ай болгончо жыттанып жыттан деле табылып калмак да эки айга чейин. Кантип эле.....
+8
KBD1987
2021-01-24 17:03:05
Кантип эле билинбейт уйунун жанында болсо.
+9
Datka7777
2021-01-24 17:28:33
Тергоодо давления кылган милицияга иш козголушу керек
+10
Pankration_MMA
2021-01-24 17:51:10
Эки айда уже жыттанып, сасып билиниш керек эле да!!!
+9
ika8086
2021-01-24 18:54:54
бул жакындале болгон иш го,кантип эле уйунон 200м аралыктан табылсын.Ага чейин коло коншу айылы бут кыдырбады беле.Тыкыр изилдегиле
+6
Ulia...
2021-01-24 20:47:01
Мактым Кожонова болуп келип аягында Мактымованын артында жолдошу балдары калды деп койгонбу
0
Kombi
2021-01-25 00:22:20
Бул жерде милиционер кунолуу эмеспи. Кокусунан олтуруп алган анан бекитип журдубууу ойумча. Может не может Аллах алдында кунокор болуп калбайн
+1
Ashirbekalai
2021-01-25 00:28:36
Жайы жаннаттан болсун Кожонованын деп туурале жазылып турат
0
Zumrudianka
2021-01-25 02:30:20
Аллахым жайын жаннаттан кылсын Фирдаус бейишинен орун берсин. Шайтан азгырып кетти бир куну келет адашып деп ойлогом. Себеби 4,5 жыл мурун 7 класстын баласын шайтан азгырып тоодон табышкан но акылы бир аз озгоргон абалда, молдо окуп атса бала молдодон же жанындагылардан сурай берет эле кандан коркосбу, ай чонбу же Аллах чонбу деп дагы кызыктай суроолорду берчу астагфируллах. Мактым эжекени да келди деген кабар угайын дечумун окунучтуу
0
Barsbek02
2021-01-25 12:17:52
Жиндер уурдап кетишкен болсо керек да
0
Nursul
2021-01-25 13:52:12
Көзүм менен көрбөгөндөн кийин бирөөнү кунологум келбейт жаткан жери жайлуу болсун Аллахым өз рахматына алсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан