Бишкекте унаасына жасалма номер таккан айдоочу кармалды

Бишкекте жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-январда болжол менен саат 6:00 чамасында Дэн Сяопин көчөсүнөн жол эрежесин бузган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

"Автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1990-жылы туулган Н.Ш. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номурун жасалма номур менен алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унааны убактылуу айып төлөөчү жайга токтотуп, ал эми айдоочусун Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан