Чүй облусунун аймагында 18-январдан 24-январга чейин 1353 айдоочу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 17 айдоочу мас абалда унаа башкарган. Ал эми 407 айдоочу ылдамдыкты ашыра айдашса, 35 айдоочу документсиз унаа башкарып жүргөн. Ал эми 94 унаа айып короосуна токтотулган.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды эреже бузбоону чакырат.