Автокырсыкка кабылган ырчы Анжеликанын кызына бүгүн, 25-январда операция жасалат. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция жасалган.