Баткен облусунда дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Мактым Кожонованын жансыз денесине экспертиза дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова өзү жашап жаткан үйүнөн 2020-жылдын 23-ноябрь күнү болжол менен саат 20:30дар чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрүп келген. Кечээ, 24-январь күнү дайынсыз жоголгон Кожонова Мактымдын жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 200 метр алыстыктагы тикендүү бүлдүркөндүн арасынан табылган. Бул маалымат Баткен ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Жансыз дене табылган соң соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин маалым болгондой, Кожонованын маасысын иттер короого көтөрүп келген. Милиция маасы аркылуу издөө иштерин жүргүзгөн.
Кожонованын артында жолдошу, алты баласы жана үч небереси калды. Белгилей кетсек, 23-ноябрь күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү, түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканынын маалымдаган.