Бишкек-Каракол унаа жолунда маршруттук такси жол кырсыгына кабылып, бир аял каза болуп, 7 адам жабыркады

Бишкек-Каракол унаа жолунда маршруттук такси жол кырсыгына кабылып, бир аял каза болуп, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 24-январь күнү Күрмөнтү айылында болгон.

"Mercedes-Benz унаасында 17 жүргүнчү болгон. Унаа бакты сүзгөн. Анын натыйжасында бир адам каза болду. Ал эми Түп райондук ооруканасына 7 адам келип түшкөн. Алардын арасында 6 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми калган жүргүнчүлөр палатада дарыланышууда. Абалы жакшы", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан