Ысык-Көл облусунда жүргүнчү марихуана менен кармалды

Ысык-Көл облусунда жүргүнчү марихуана менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын 24-январында болжол менен саат 02:30 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан Мерседес үлгүсүндөгү унаасын текшерүү үчүн токтотушкан. Анда 1992-жылы туулган Б.Т. аттуу жүргүнчүгө өздүк кароо жүргүзгөн учурда баштыгынан ичинен кара куурай өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттын салмагы 1 килограмм 330 граммды түзүп, марихуана баңгизаты экени аныкталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан