УКМК: "Ош облусунда эл аралык баңгизаттар каналына бөгөт коюлду"

Ош облусунда эл аралык баңгизаттар каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-январында Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ош шаарында мамлекеттик чек арадагы баңгизат тобунун кылмыштуу ишине бөгөт коюлду.

"Такталгандай, кармалган 1966-жылы туулган К.М. жана 1962-жылы туулган У.М. аттуу жарандар Борбордук Азия өлкөлөрүнө баңгизаттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзүшкөн. Шектүүлөрдүн унаасын тинтүү учурунда алдыңкы отургучунун астынан салмагы 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Ал эми 23-январда кармалган У.М. жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү учурунда кампа жайлары табылып, жалпы салмагы 500 граммдан ашык кочкул күрөң түстөгү үч брикет табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген заттар - жалпы салмагы 600 граммдан ашык кара куурай баңгизаты экени аныкталган. Шектүүлөр тергөө камак жайына киргизилип, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан