Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык кылмыштарды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында "мыйзамсыз баюу" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө.
"Кармалган директор И.Ш. мамлекеттик кызматтарда иштеген учурунда кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Ал кылмыш жолу менен алынган мүлктөрүн жашыруу максатында аны туугандарына жана аффилирленген адамдарга каттаган. Атап айтканда, 3 хан сарай жана жогорку класстагы унаалар, ошондой эле борбордун бөлүгүндө 1 хан сарайда 20дан ашык батирлерге ээлик кылган. Мындан тышкары ал үзгүлтүксүз иш сапарларга жана жакын туугандары алыскы чет өлкөлөрдүн курорттук аймактарына барган.
Директор республикалык маанидеги унаа жолдорун курууга жыл сайын жүрүп жаткан мамлекеттик сатып алуулардын эсебинен кыйла көбөйткөн, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Учурда бюджеттик каражаттарды каржылоо жана пайдаланылышын контролдоо үчүн жооптуу болгон Транспорт жана жолдор министрлигинин башка кызматкерлери, ошондой эле коррупциялык кылмыштарга тиешеси бар адамдар аныкталууда", - деп жазылат маалыматта.