Бүгүн, 25-январда чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткан бодо мал токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Таза-Суу аймагында чек ара кызматкерлери 1990-жылы туулган Ч.Т. аттуу Кыргыз жаранын токтотушкан. Анда жети баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин бул иш тергөө үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени маалым болду.