"Орто-Сай" базарын өрттөгөнгө шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарын өрттөгөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-ноябрь күнү болжол менен саат 00:25те "102" номерине Бишкектин "Орто-Сай" базары өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Атайын тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өрт эки кабаттуу имаратта чыккан деген алдын-ала маалыматтар алынган. Ал имаратта тигүү цехи, дүкөндөр жана тез тамактануучу жайлары жайгашканы аныкталган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 210-берене "башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалган.

Иликтөө иш-чаралырынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги "Орто- Сай" базарынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө 5 бригада тартылганын, саат 02:16га карата өрт чектөөгө алынганын маалымдаган.

Кийин Октябрь РИИБи базардан чыккан өрт боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришкен.

"Орто-Сай" базарындагы өрт 9-ноябрда эртең менен саат 08:55те толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор болгон эмес.


“Орто-Сай” базарын өрттөгөнгө шектүү жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2021-01-26 11:48:07
Ушундай жерди эмнеге орттоду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан