Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Каракум көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде кишини бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1980-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан жабыркап, 4-ооруканага алып кеткендиги белгилүү болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Б.Т. аттуу аялды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.