Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өспүрүмдөргө карата рейд жүргүзүлдү. Рейддин алкагында жалпы 44 жаш өспүрүм түнкү убакытта чоң адамдын коштоосу жок көчөдө жүргөндүгү аныкталган. Анын ичинен 24 ѳспγрγм мектеп окуучусу, ал эми калгандары 9-классты бүтүрүп, учурда ар кандай кесиптик билимдерин улантып жатышкан өспүрүмдөр болгон.
Аныкталган өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, аларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлгө алуу зарылдыгы эскертилип коё берилди. Мындан ары түнкүсүн көчөдө жүрбөөсүнүн алдын алуу максатында мектептерге жана райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы комиссияга сунуштар берилди.
Ошондой эле РИИБдин кызматкерлери спорт залдарында машыгып жатышкан өспүрүмдөр менен жолугушуп, аларды патриоттуулукка чакырышты.
Мындан сырткары тартип сакчылары мечиттерде да эл менен жолугушууларды өткөрүштү. Анда туура эмес диний агымдарга кошулуудан алыс болуу керектиги белгиленди. Ошондой эле Сузак району ар улуттун өкүлдөрү жашаган аймак экендиги айтылып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө зарылдыгы жеткирилди.