Ошто 27 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-январь күнү Ош шаарынын Навои көчөсүндө 27 жаштагы кызды белгисиз үлгүдөгү унаа сүзүп, андан ары из жашырып качып кеткен. Натыйжада кыз денесинен жаракат алып Ош шаардык ооруканасына кайрылган.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чаралардын натыйжасында жол кырсыгын жасап качып кеткен ак түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа экендигин, аны Ош шаарынын 1974-жылы туулган М.Г. аттуу айдоочу бшкарып бара жатканы аныкталган.
Учурда айдоочу Ош ШИИБине тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди деп жазылат маалыматта.