Бишкекте кургак сүттү мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенип жаткан жашыруун цех аныкталды

Бишкекте "FRIMA" кургак сүтүн мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда жасалма "FRIMA" кургак сүтүн өндүрүп жаткан жашыруун цех табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Борбордун базарларынын биринин аймагында, жогорудагы азык-түлүк продуктулары санитардык эреже сакталбаган шартта жасалган цех табылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери, ошондой эле республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте кургак сүттү мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенип жаткан жашыруун цех аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kombi
2021-01-26 20:38:44
Колдон келсе жардам берсин ошол цехке.
Бийлик подержать этсин. Кытайдын кислотасын ичпей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан