Бүгүн, 26-январда мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполдо сурак берип жатат. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады.
Мындан тышкары, өздүк булак түштөн кийин мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы суракка келерин айтты.
Аида Исмаилова менен Алтынай Өмүрбекова экөө тең вице-премьер-министр болуп турганда саламаттыкты сактоо тармагын жана коронавирус пандемиясына каршы саламаттыкты сактоо тутумунун даярдыгын көзөмөлдөшкөн.