2021-жылдын 14-февралына чейин камакка алынган "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы башчысы Ю.Б.К. мамлекетке 11 миллион 700 миң сом өлчөмүндө каражат төккөндөн кийин үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тергөө учурунда Ю.Б.К. коюлган айыпты толугу менен моюнуна алып, мамлекетке 11 миллион 700 миң сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурган. Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Шектүү Ю.Б.К. 2020-жылдын 15-декабрында УКМК тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген.