Бишкекте 7-Апрель жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып электр мамыны сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Натыйжада эркек адам жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаганды унаадан чыгарышып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.