Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак эс алуу жайына бара жаткан жолдо жеңил унаа жолдон чыгып кетип, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чуңкурчак эс алуу жайына баруучу жолунда Хонда Одиссей унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 6 адам ар кандай жаракат алышкан.
Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.