Бишкек шаарында коркутуп-үркүтүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү милиция кызматкерлерине М.М. аттуу жаран кайрылган. Анда аны шантаж жолу менен 30 миң сом талап кылган адамдарга чара көрүп берүүнү суранган. Эгер акчаны бербесе, анын кыздар менен тартылган интимдик сүрөттөрүн туугандарына көрсөтө турганын айтып, коркутканын билдирген.
Ленин РИИБинин ыкчам иликтөө тобу шектүү аял жабырлануучудан 15 миң сом алып жаткан учурда кармаган. Шектүү аял учурда камакка алынып, тергөө уланууда.