Жалал-Абадда дарыкананын сатуучусун бычак менен коркутуп, тоноп кетишкен. Окуя видеого түшүп калган

Жалал-Абад шаарында дарыкананы карактаган каракчылар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январь күнү саат 22:30 чамасында 25-30 жаштар чамасындагы 2 жаран бетине медициналык беткап тагып алышып, Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине кирип, сатуучу кызды бычак менен коркутуп, кассада болгон 10300 сомду, сатуучунун сумкасындагы 500 сом акчаны жана кол саатын, санитардык китепчесин алышып, окуя болгон жерден из жашырып качып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, алгач шектүүлөрдүн аты-жөнү такталган. Алар Жалал-Абад шаарынын тургундары 20 жаштагы У.М. жана А.О. аттуу жарандары болушкан. Шектүүлөр кармалып, алардын жанынан кылмыш ишине тиешелүү далил буюмдар алынган.

Андан сырткары шектүү делген У.М.нын жанынан өзгөчө кеcкин жыты бар 1 килограмм 38 грамм баңгизаты табылган.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын Жалал-Абад шаардык соту карап, 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы күндө алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан