Ден соолукка оор зыян келтирген. Чүй ОИИББи 2018-жылдан бери изделип жаткан шектүүнү кармады

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан ден соолукка оор залал келтирди делген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Чүй облусунун Токмок шаарында күч структуралары тарабынан адамды камакка алуу жөнүндө видео таркатылган. Буга чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 1996-жылы туулган Т.А. аттуу жергиликтүү тургун, 2018-жылдын 6-августунда саат 00:00 чамасында өз ара пикир келишпестиктерден улам чыккан мушташуудан денесине оор залал келтирген кошунасына чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Ага ылайык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында Т.А.га келтирилген жаракаттар аныкталган. Окуяга тиешелүү кылмыш иши козголгон.

"Ушул жылдын 25-январында тергөө-оперативдик иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын кичи райондорунун бириндеги батирде, издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Б.М. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалды. Кармалган жаран 2018-жылдан бери ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип, издөөдө жүргөн. Тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер издөөдө жүргөн адам, жогорудагы даректе жашаарын аныктоого жетишкен. Шектүү жаран ошол жерде кармалып, Аламүдүн районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан