ИИМдин ордуна "иликтеп" жибергенсип... Эркекти зордуктаган бала ушул деп белгисиз жигиттин сүрөтүн тараткан адам кармалды

Буга чейин социалдык тармактарда эркекти эркек зордуктаган видеодогу жаран ушул деген сүрөт тарап, катуу талкууга алынган. ИИМ аталган жаранды таап, анын окуяга эч кандай тиешеси жок экенин аныктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат жана эскертет.

"ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрдү жана тиешелүү иш-чараларды жүргүздү.

2021-жылдын 24-январында интернет тармагында белгисиз 16-18 жаштагы жарандын сүрөтүн коюп, “сүрөттөгү бала зордуктаган” деген маалыматты Интернет аттуу колдонуучу уюлдук телефон аркылуу социалдык тармактарга жайылткан. Таратылган сүрөттөгү жаран Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну Б.А. экендиги жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү "жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренеси менен катталып, жалган маалымат тараткан Чүй облусунун Т.Ж. аттуу 16 жаштагы тургуну кармалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almaz-pazilbaiuulu
2021-01-26 17:16:56
Гулзат Алиеваны да жоопко тарткыла ал дагы соц баракчасына ушул баланын сүрөтүн жүктөп жалган жалаа жапкан
+5
Jelezo
2021-01-26 18:58:12
Жалган маалымат таратып адамдардын жеке турмушуна, кадыр баркына доо келтиргендерге кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен акчалай штраф төлөтүү үчүн мыйзам керек.
+7
gafurova01
2021-01-26 23:55:49
Далилсиз, адамга моралдык жактан терс таасирин билдирген маалыматтарды чыгаргандарды (айрыкча кээ-бир СМИ) жазалаш керек. Канчалаган үй-бүлө ажырашып кетип жатышат жалган-жалаа, ушак айынан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан