Баткенде мурда оор беренелер менен соттолгон жаран унаа уурдай качып кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында унаа уурдай качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-январь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы унаа жуучу жайдан Кызыл-Кыя шаарынын 20 жаштагы тургунун Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кызыл-Кыя ШИИБинин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2021-жылдын 26-январь күнү криминалдык милиция кызматкерлер Жалал-Абад облусунан Бишкек шаарына кетип бара жаткан шектүү жаранды кармады. Ал 26 жаштагы М.А. аттуу жаран болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Шектүү мурда 3 жолу оор беренелер менен соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан