Бишкекте унаалардын дөңгөлөгүн уурдоого шектүү жаран кармалды

Авто унаалардын дөңгөлөктөрүн жана катализаторлорун урдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-январда болжол менен саат 06:10 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Т.Э. аттуу жаран Павлов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен Гольф 3 үлгүсүндөгү унаасынын эки дөңгөлөгүн чечип, уурдап кетишкен белгисиз жарандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазып кайрылган.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган К.А. аттуу жаранды дагы башка Mercedes-Benz үлгүсүндөгү авто унаанын катализаторун алуу максатында авто унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен кармашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганы маалымдалган. Иликтөөнүн негизинде келтирилген зыян 14 миң сомду түзгөн.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba_00
2021-01-27 09:29:08
Куураты го ушул уурулар, биз жыргап аткансып, баякунчорок эле портердин акумуляторун уурдатып ийдик. эми донголокторду уурдап кетпесе экен деп кайгырып жатасын да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан