Нарын ОИИБинин башчысы Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту

Нарын ОИИБинин башчысы Уланбек Аалиев Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын жергиликтүү тургундары катышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга чогулган жергиликтүү тургундар айыл ичиндеги көйгөй жаратып жаткан маселелерге токтолуп, суроолорун узатышкан. Маселен, Ат-Башы районуна соода-сатык түйүндөрүнө жана башка күнүмдүк тиричилик кылуу үчүн унаа менен барган учурда унааларды токтотуучу жайлардын жоктугу, электр энергиясы боюнча маселе жаратып жаткан жагдайлар жана башка көйгөлөрдү талкуулашкан.

"Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууда кечки рейддерди өткөрүү, тартиби начар өспүрүмдөр менен өзүнчө иш алып баруу, балдарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында ар кандай кызыктыруучу иш-чаралар уюштурулду. Ошол эле учурда мектепке уюлдук телефон көтөрүп келүүсү боюнча тыюу салуу жана ата-энелер балдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча суроо талаптар коюлду", - деп жазылат маалыматта.


Азыркы тапта да жергиликтүү айыл тургундары менен милиция кызматкерлери жеринен жолугуп, көйгөйлөрүн угууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан