Жалал-Абадда дарыкананы тоноого шектүү жарандар кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Алар шаардагы дарыканалардын бирине киришип, коркутуу жолу менен тоноочулук жасагандыгы тартылып калган видео социалдык тармактарга тарады.

Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына караганда, дарыканага кирген жарандар кассадан 10 миң 3 жүз сом жана сатуучунун сумкасынан 500 сому менен кол саатын алышкан. Аталган факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 202-беренеси ("каракчылыкка") ылайык сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү катары 2000-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын эки жараны кармалган. Алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынды.

Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Romantik.
2021-01-27 00:15:03
Кечээ биздин телефон саткан магазинибизди уруулар талкалап кирип, 17 штук, общий баасы 250 миң сомдук телефондор уурдалды
0
ooki8888
2021-01-27 08:56:29
Даараткананы (туалет) деп тушунуш алыпмын биринчи,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан