Бишкектин Октябрь районунда үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январь күнү саат 10:22де ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Асанбай кичи районунда жайгашкан №4 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинде 1953-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.