2020-жылдын 12 ай ичинде 172 уюшкан кылмыштуу топтор ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кылмыш жообуна тартылууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар:
Киши өлтүрүү-3;
Денеге оор залал келтирүү-6;
Адам уурдоо-2;
Опузалап талап кылуу-15;
Каракчылык-7;
Тоноо-2;
Алдамчылык-28;
Бейбаштык-25;
Уурулук-14;
Мыйзамсыз курал сактоо-10;
Баңгизаттарга байланыштуу-3 жана башка 17 кылмышты жасашкан.
Ошондой эле кармалгандардын арасында 9 жаран криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр.
2020-жылы ичинде уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 13 курал-жарак алынган.
Криминалдык милиция кызматынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 12 айында жалпысынан 55 кылмыш иши кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, азыр тергөө жүрүүдө.